Бийиктикке ыргытылган ташты төш менен тосуп алуу

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 3—5 киши.

Оюн аянтчада өткөрүлөт.

Оюнда таштар колдонулат.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулар оордугу 1—2 кг, келчү тоголок ташты тандашып алышып, оюндун шарты жана кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны. Оюнчулар кезектери келгенде, бирден ташты 1—1,5 метр бийиктикке ыргытышып, кайра жерге түшүп жатканда төштөрү менен тосуп алганы аракеттенишет. Оюн оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Бийиктикке ыргытылган ташты төшү менен тосуп алып жерге түшүрбөгөн оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бийиктикке ыргытылган ташты моюн менен тосуп алуу.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнга денени жакшылап кызыткандан кийин киришсе болот.

Оюндун педагогикалык мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнда күч, шамдагайлыкка тарбияланат, чыдамкайлыкка үйрөтөт, денени чыңалтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]