Бийиктик өлчөгүч

Википедия дан

Бийиктик өлчөгүч (авиациялык) - учуучу аппараттардын жерден канча бийиктикте учуп бара жаткандыгын аныктоочу прибор. Ал радиолук жана барометрдик болуп бөлүнөт.

Радиолук Бийиктик өлчөгүч радио толкундардын самолеттон берилгенден тартып жерде кабыл алынганга чейинки убакытын ченөөгө, барометрдик Бийиктик өлчөгүч бийиктикке жараша аба басымынын өзгөрүшүнө негизделген. Барометрдик Бийиктик өлчөгүч анероид кутучасынан, берүүчү механизмден жана бийиктикти көрсөтүүчү жебеден турат. Абанын басымы өзгөргөндө кутучанын көлөмүнүн өзгөрүшү берүүчү механизмдер аркылуу жебени жылдырат. Прибордун шкаласы км ге жана м ге бөлүнгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.