Бийликтин бөлүнүшү

Википедия дан

Бийликтин бөлүнүшү – ага ылайык, бирдиктүү мамлекеттик бийликтин мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлиги болуп өзалдынча жана бири-бирине көзкарандысыз бөлүнө турган конституциализмдин негизги принциптеринин бири. Б. б. принциби алгачкы ирет жана ырааттуу түрдө 1787-жылы АКШ Конституциясында жүзөгө ашырылып, анда 3 бийлик гана бөлүнбөстөн, алар бири бирин «такаат жана теңдештик тутуму» аркылуу көзөмөлдөп да турат. Парламенттик мамлекеттерде парламент шарттуу түрдө аткаруу бийлик органдарына үстөмдүк кылгандыктан, Б. б. принциби анчалык ырааттуу жүргүзүлбөйт. КРде Б. б. принциби КР Конституциясында бекитилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]