Бийликтин бөлүнүү теориясы

Википедия дан

Бийликтин бөлүнүү теориясы - бийлик укуктарын мамлекеттик бийликтин бутактарына бөлүштүрүп берүү. Аристотель жана Цицерон иштеп чыккан «аралаш башкаруу» идеясынан келип чыккан. Жаңы мезгилдеги пайда болгон европ. саясий ой жүгүртүүдө бийликтин бөлүнүү теориясын Ж. Локк негиздеп, Ш. Монтескье, А. Гамильтон, Ж. Мэдисон өнүктүрүшкөн. Бийликтин бөлүнүү теориясынын негизги маңызы: 1) мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтери конституцияга ылайык адамдарга жана органдарга берилет; 2) бийликтердин бирөө да экинчи бир бийликти өз алдынча, жок кыла албайт; 3) конституция тарабынан бийликтердин бирөөнө берилген укуктан экинчи бирөөлөрү пайдалана албайт; 4) сот бийлиги саясий таасирлерге көзкаранды болбостон, аракет кылат, соттор кызмат ордунда узакка чейин иштөө укугуна ээ. Бийлик укуктарынын вертикалдык бөлүнүшү ар түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкаруунун субъектилеринин ортосунда бийлик укуктарынын бөлүнүшүн көрсөтөт; горизонталдык жактан болсо, бийлик укуктары бийликтин үч органына (бийликтин «бутактары») мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийликтерине бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]