Бийликтин субъектилери
Бийликтин субъектилери - катары төмөнкүлөр чыгат: мамлекет, саясий партиялар, таптар, социалдык топтор, коомдук-саясий уюмдар, индивиддер.
Бийлик мамлекеттик формада (мыйзам чыгаруучу бийлик, аткаруучу бийлик, сот бийлиги) мамлекеттик эмес уюмдардагы жана мекемелердеги бийлик ж.б. болуп бөлүнүшү мүмкүн.
Үстөмдүк кылуу, башкаларды өзүнө баш ийдирүү тигил же бул субъектин же социалдык топтун төмөнкүлөргө негизделген укугу катары каралат:
- 1) чектелбеген артыкчылык (кудайдын бийлиги);
- 2) зарылчылыктан улам келип чыккан артыкчылык (балдардын үстүнөн ата-эненин бийлиги);
- 3) тиешелүүлүгүнө карата артыкчылык (сатып алынган эрксиздин үстүнөн кожоюндун бийлиги).
Мамлекеттик, саясий бийлик коомду бүтүндүн анын белгилүү бир бөлүктөрүн өзүнө баш ийдирүү укугун чагылдырат. Бийликтин мааниси бүтүндүк укуктары менен кызыкчылыктарынын бөлүктүн укук, кызыкчылыктарынан айырмасын көрсөтүү катары шартталат. Иш жүзүндө мамлекеттеги бийлик проблемасы, бул коомдук бүтүндүн кызыкчылыктарын жана идеологиясын алып жүрүүчү жана көрсөтүүчү катары жогорку бийлик ким тарабынан жана кандайча жүргүзүлүүгө тийиш экендигинде
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8