Бий күүлөрү

Википедия дан

Бий күүлөрү - комуз, кыл-кыяк, темир ооз комуз, чоор күүлөрүнүн бир түрү. Алардын кайрыктары кыска, обондуу, ыргактары так, бий мүнөздөрү айкын. Айрыкча комуз күүлөрүндө «Эски бий күү», «Теңсел», «Чайкалма», «Бий күү», «Тактеке», «Селкинчек» аттуу атайын бий күүлөрү кезигет. Бий күүнүн дагы бири «Калмак бий». Анын 4-5 варианты бар. Бир ыргакты кармап туруу менен, бийчини экстазга жеткирүү, аны кайрадан күүнүн жандырмагы менен акыл-эсине келтирүү, элдин көңүлүн ачуу, атайылап күлдүрүү бул күүлөрдүн негизги максаты болгон. Анын айрым үлгүлөрү «Кыргыз музыкасынын антологиясында» өзүнчө жанр катары берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]