Бикиртик, тоо

Wikipedia дан

Бикиртик тоосуборбордук Теңир-Тоодо бийик (3100–4800 м) тоолуу аймак. Какшаал тоо тизмегинин түндүк-чыгышында. Анын өтө бийик Акзоо (батышта), Айрытөр (чыгышта), Бикиртик (түштүктө) жана башкалар тоолорун кар мөңгү баскан. Бул аймакка аркайган асказоокалуу жылаңач тоолор, куюлган корум таштуу рельеф мүнөздүү. Айрым жерлерде (түштүк, түндүк-чыгышта) тайпак пенеплендүү тоолор кезигет. Негизги морфоструктуралар ортоңку палеозойдун түрдүү түстөгү кристаллдашкан чөкмө тектеринен турат.

Түндүктөгү жапыз (Чолоккапчыгайга жакын) жагы миоцен-плиоцендин конгломерат, кумдук, алевролит, мергель, өтө бийик түштүк бөлүгү девондун калыңдыгы 2300 мге жеткен кумдук, сланец, алевролит тектеринен түзүлгөн. Какшаалдын кырында Бикиртик бели (бийиктиги 4358 м) жайгашкан. Бикиртик суусу (Узундугу 29 км) Чолоккапчыгайдын (Акшыйрактын алабы) оң куймасы; өтө кууш терең капчыгай менен агат. Ага кар, мөңгүдөн башталган суусу мол бир катар суулар (чыгыштан Айрытөр, Майтөр, Ичкетөр, батыштан Карабел) куят. Тоолордун күнгөйүнө бийик тоолуу талаа, тескейине шалбаа, түндүктөгү жапыз жагына кургак талаа ландшафттары мүнөздүү. Топоним адабиятта, топогр. карталарда Бакирти, Бекертык, Бекирти, Бикиртти, Пикертык, Пиккертык деген аттар менен башаламан берилип жүрөт. Үчтурпандыктар Бикиртик ашуусун – Күкүртүк деп аташат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]