Билал Назым

Википедия дан

Билал Назым - (өз аты Билал Юсуп уулу; 1825, Кулжа-1899, Жаркент) уйгур адабиятынын классиги. Кулжадагы (Синцзянь) мектептен, медреседен таалим алган. Чыгармачылыгы 1840-жылдарда башталган. 1852-ж. «Газалияты» (ырлары) кол жазма түрүндө тараган. Анын чыгармаларынын негизги темасы сүйүү. Уйгур элинин азаттык күрөшү жөнүндө «Кытайдагы козголуш» дастанын жазган. Бул чыгарма 1880-ж. Казанда басылган. Фольклордук эстетиканын негизинде жазылган «Алдамчы Юсуп хан» (1881) поэмасынын жана «Назугум» (1882) повестинин автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]