Билдиргич

Википедия дан

Билдиргич, датчик - алгачкы өзгөрткүч текшерилүүчү чоңдукту (басым, температура, жыштык, ылдамдык, которулуш, чыңалуу, ток ж. б.) өлчөөгө, берүүгө, өзгөртүүгө, сактоого, каттоого ыңгайлуу сигналга айландыруучу өзгөрткүч. Чыгыш сигналдары: энергиянын теги боюнча электрдик, пневматикалык, гидравликалык; энергия агымынын модуляциясынын мүнөзү боюнча амплитудалык (чыңалуу, ток, газ басымы ж. б.), убакыт импульстук, жыштык, фазалык жана дискреттүү (цифралык) болуп бөлүнөт. Эң жөнөкөй билдиргич бир гана сезгич элементтен (термопара, тензо билдиргич, каршылык термометри ж. б.), татаал билдиргич өзгөрткүчтөрү каскаддуу, дифференциалдык, компенсациялоочу схема боюнча кошулган бир нече элементтен турат. Автоматтык текшерүү жана жөндөө системасындагы башка элементтерге салыштырганда билдиргич эксплуатациялык эң оор шартта температура жана басым кескин өзгөргөндө ж. б. колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]