Билдирме

Википедия дан

Билдирме - спорттук мелдешке спортчулар жана коллективдердин катышуусу жөнүндөгү маалымдоо. Билдирме кайсы коллективдин спортчуларынын же коллективинин өкүлдөрүнүн атынан түзүлгөнү, спортчунун аты-жөнү, туулган жылы, спорттук даражалары, врачтын мелдешке катышуусуна уруксаты көрсөтүлөт. Билдирменин кайсы мезгилде жазылганы жана ким тарабынан бекитилгени көрсөтүлүп, жетекчинин жана врачтын колу коюлат. Билдиргич кайсы мөөнөттө тапшырылышы керек экени (датасы) атайын түзүлгөн мелдештин жобосунда жазылат. Калыстар тобуна же мелдешти уюштуруучу уюмга билдирмени убагында тапшырбаса, ал мелдешке катышпайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]