Билерик

Википедия дан

Билерик — бул зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун эки башын атайын чарчылап, төрт кырдап, ага тиешелүү чапкылар менен «көзчөлөп», «жылдызчалап» кооздук түшүрүлөт. Мындай билериктин жалпы айланасына чапкылар аркылуу толкун сызыктарды, же «айчык», «тоок көз» жылдызчаларды сейректете чабат. Ал эми атайын чапкы менен из түшүрүлгөн ушундай эле үлгүдө да калыңыраак зомдолгон билериктин ортосуна өзүнчө төрт бурчтуу таман чыгарып, ага «тумарча», «ийрек» сыяктуу оюмдарды жарашыктуу берет.

«Сыя төгүп», оюм-чийим түшүргөн билерик жукаараак, бирок, эндүү болушу зарыл. Мунун таманы тегерек келип, ага түшкөн оюмдар шакектикине, чолпунукуна окшошот. Бермет, акак таш, айнек өңдүү асыл жана ага тете заттарды чөгөрүп, тегерете торчолоп кармалган билериктер айыл арасында көп кездешет. Кыз-келиндердин кооз зер буюмдары менен ат жабдыктарын «тогуз төбөлөөдөн» мунун кооздугу анча айырмаланбайт. Мындай шөкөттөөлөр бул буюмдун эки башында болот. Эни чоң, экиден төрт кичине, асыл таштарды куткундап чөгөрсө, буюм жүзүнө чыгат.

Жердиги жука билерикти жазы алып, жалаң чапкылоо менен кооздук берүүнүн түркүн сырлары бар. Аны майдалап көркөмдөп отуруу килем көчөттөрүнө окшошуп кетет. Алсак, анын четине «көбөйтүү» (XXX) түрдү кош сызып кайталай түшүрүп, анан «айчыкты» айкалыштырып, арасына «тоок көзчөнү» берип, кайрадан «көбөйтүү» белгилери («XXX») келип, «айчык», «көзчө» кайталанып, мурунку көркөмдүктөр алмаша берилет. «Колунда күмүш билерик, Колуктум болсоң түбөлүк»...— Уз колдогу жумуру билерик билекти ого бетер көркөмдөйт.

Жез билерик жасоодо адегенде жезди тазалоо үчүн сууну шарактата кайнатып, ага туз менен ачык ташты салуу зарыл. Көк жашыл бөтөлкөдөн майдалап алган «заркун» деген менен сүртө баштаганда жез билерик өзү эле жүзүнө чыгат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)