Билимди өздөштүрүүнүн деңгээлдеринин мааниси

Википедия дан

Билимди өздөштүрүүнүн деңгээлдеринин мааниси - Окутуу процесси үчүн билимди өздөштүрүүнүн биринчи деңгээлинин камсыз болушу сөзсүз зарыл, бирок ал жетиштүү эмес. Окутуунун азыркы кездеги максаты – билимди өздөштүрүүнүн үчүнчү деңгээлине жетишүүнү камсыз кылууда, б. а. окуучуларды алган билимдерин (информацияларды) чыгармачылык менен пайдаланууга даярдоодо турат.

Өздөштүрүүнүн биринчи деңгээлиндеги билимди төмөндөгүчө аныктоого болот. өздөштүрүүнүн биринчи деңгээлиндеги билим деп айланадагы чындыктын, сезимдүү кабыл алынган жана эсте сакталып калган тигил же бул объекттери жөнүндөгү объективдүү информацияны айтабыз. Өздөштүрүүнүн эң жогорку деңгээлиндеги билимди кыскача чыгармачылык менен пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн информация деп аныктоого болот. Билимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуучу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: терминдер жана түшүнүктөр, факттар, мыйзамдар, теориялар, методологиялык билимдер, баа берүү билимдери. Терминдер жана түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандайдыр бир түрүн же билимдердин чогуусун белгилөө үчүн колдонулат. Терминдер жана түшүнүктөрдүн жардамы менен ой жасалат, адамдын ой пикири туюнтулуп айтылат.

Факттар жөнүндөгү билим бардык башка билимдердин базасын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Факттарды билмейинче мыйзамдарды, теорияларды, сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, б. а. чыныгы факттар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт.

Мыйзамдарбелгилүү гана сандагы факттардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы факттардын чогуусун жана аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизинде түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүктөрүн системага келтирет.

Методологиялык билимдерге ыкмалар жөнүндөгү, таанып билүүнүн тарыхы, илимдин конкреттүү ыкмалары, чыгармачылыктын жана эмгектенүүнүн ар кандай ыкмалары жөнүндөгү билимдер кирет. Методологиялык билимдер мурда өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет. Эң акыры, баа берүү билимдери – тигил же бул объекттерге болгон катнашуунун, аларга баа берүүнүн, маанисин ачып көрсөтүүнүн нормалары болуп эсептелет. Билимдин бул түрү туура катнашууларды калыптандыруу, ар кандай билимдердин салыштырма салмагын, реалдуу объекттерди сезүү, адамдын инсеандык баалуулук системасын калыптандыруу үчүн чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,