Билимди өздөштүрүүнүн деңгээли

Википедия дан

Билимди өздөштүрүүнүн деңгээли - айланадагы чындыктын сезимдүү кабыл алынган жана эсте сакталып калган тигил же бул объекттери жөнүндөгү маалымат. Ал билимди кыскача чыгармачылык менен пайдаланылуучу деңгээлде өздөштүрүлгөн маалымат деп да аныкталат. Билимдин окутуу процессинде сөзсүз эске алынуучу эң баалуу төмөнкүдөй түрлөрү бар: термин, түшүнүк, факт, мыйзам, теория, методол. билим жана баа берүү билимдери. Терминдер жана түшүнүктөр үйрөнүлүүчү объекттердин кандайдыр бир түрүн же билимдердин жыйындысын белгилөө үчүн колдонулат. Терминдердин жана түшүнүктөрдүн жардамы менен ой жасалат, адамдын ой-пикири туюнтулуп айтылат. Фактылар жөнүндөгү билим бардык башка билимдердин базасын түзөт, анткени, алар түздөн-түз реалдуу чындыкты чагылдырышат. Фактыларды билмейинче мыйзамдарды, теорияларды сезимдүү кабыл алуу мүмкүн эмес, башкача айтканга чыныгы фактылар арасындагы мүмкүн болгон байланышты чагылдырууга болбойт. Мыйзамдар белгилүү гана сандагы фактылардын байланыштарын чагылтат. Теория болсо көп сандагы фактылардын чогуусун жана аларды байланыштыруучу мыйзамдарды өз ичине камтыйт, конкреттүү кубулуштарды жалпы мыйзамдардын негизинде түшүнүүгө жардам берет, адамдын түшүнүктөрүн системага келтирет. Методологиялык билимдерге методдор жөнүндөгү, таанып-билүүнүн тарыхы, чыглыктын жана эмгектенүүнүн ар кандай ыкмалары жөнүндөгү билимдер кирет. Ал өздөштүрүлгөн билимдерди анын улам жаңы үлүштөрүнө ээ болууда кандайча колдонуу керектигине туура багыт берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]