Билим берүүдөгү мониторинг

Википедия дан

Билим берүүдөгү мониторинг - мезгилмезгили менен жүргүзүлүп туруучу контроль. Ал билимдин сапатын текшерүү, изилдөө максатында билим берүү системасына башкаруучулар тарабынан каралат. Мындай мониторингдин негизинде билим берүү мекемелеринин билим берүү иш сапаты, билимдин мамлекеттик стандартка жооп бериши жөнүндө маалыматтар топтолот. Ошондой эле контролдоо айрым бир окутуучунун ишинин сапатын жана натыйжалуулугун аныктоо үчүн да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]