Билим берүү программасы

Википедия дан

Билим берүү программасы – белгилүү бир мезгилге эсептелген билим берүү тармагынын келечегин айкындап көрсөтүүчү мамлекеттик нормативдик документ.

Ал өз ичине кандайдыр бир максат коюп, ошол максатка жетүүнүн ресурстарын, мөөнөтүн, аткаруучуларын жана аткаруу жолун аныктайт.

Программаны түзүү жана аткаруу бир нече этаптардан турат: маалыматтарды топтоо – маалыматтарды иштеп чыгуу
– анализ
– прогноз
– милдеттер
– пландар
– ишке ашыруу
– текшерүү.


Ал эми мөөнөтү кыска (оперативдүү)
– 1 жылга жетпеген;
утурумдук – 1-2 жылдык;
орто мөөнөттүү – 3 жылдан 5 жылга чейин;
перспективалуу (стратегиялык) – 5 жылдан 10 жылга чейин болушу мүмкүн.

Кыргызстанда улуттук билим программалары («Жеткинчек», «Билим», «XXI кылымдын кадрлары») иштелип чыккан. Аларда өлкөнүн билим берүү тармагынын стратегиясы, эртеңки күндүн негизги багыттары, бул же тигил иш чараны аткаруу мөөнөттөрү көрсөтүлөт. Билим берүү программалары окумуштуулар, алдыңкы көз караштагы педагогдор, методисттер ж. б. бул ишке тиешеси бар адамдар тарабынан иштелип чыгат жана ал жалпы элдик таалкуудан кийин мамлекет жетекчиси тарабынан бекитилет, ал үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүштүрүлөт.

Ошондой эле ар бир билим берүү мекемесинин өз Билим берүү программасы болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,