Билим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстери

Википедия дан

Билим берүү системасындагы инновациялык (жаңылануу) процесстери - – жаңыча окутууну, жаратууну, кабылдоону, баалоону, өздөштүрүүнү жана педагогикалык жаңылыкты кабыл алууну башкаруу процесси.

ХХ кылымдын башында илимде жаңы бир аймак түзүлдү, ал материалдык өндүрүштүн сферасында жаңычылыктын мыйзам ченемдүүлүктөрүн үйрөнүүнүн алкагындагы жаңы нерселерди киргизүү илими болуп саналат. Педагогикалык инновациялык процесстер Батыштагы чет өлкөлөрдө 1950-жылдын акырында, ал эми Орусияда акыркы он жылдыкта атайын изилдөөнүн предметине айланды. Кыргызстанда инновация боюнча макалалар 1990-ж. гана жарыялана баштады. «Инновация» түшүнүгү латын тилинен которгондо «жаңыны киргизүү» дегенди билдирет. Бул илимий адабиятта кээ бир процессти жүргүзүүнүн жаңыча жолу катары түшүндүрүлөт. Ошондуктан, инновация аркылуу кайсы бир системада бир сапаттык абалдан экинчи бир сапаттык абалга өтүү процесси жүрөт десе туура болот. Демек «инновациялык» процесс деген жаңычылдыкты жаратуучу, түзүүчү (иштеп чыгуучу), өздөштүрүүчү, колдонуучу жана жайылтуучу комплекстүү ишкер аракеттенүүнү өзүнө камтыйт. Мына ушул санап өткөн бардык ишкер аракеттенүүлөр окуу процессине киргизилгенде гана ал инновациялык окутууга жатат. Эгер ушул жаңыча ишкер аракеттер тарбиялык ишке, өстүрүүгө, же башкарууга байланыштуу болсо, анда ал инновациялык тарбиялоо, өстүрүү же башкаруу деп аталат.

Инновациялык окутуу окуу материалынын мазмунун, окутуунун методун жана формасын жаңылоо катары да көрүнөт. Эгер инновациялык окутуунун масштабы (көлөмү) боюнча аныктагыбыз келсе, ал жекече (локалдык), модулдук (комплекс түрүндө өз ара байланышкан, мис., бир түрдүү предметтер, же бирдей курактагы окуучулардын тобу), системалуу (жалпы мектепти камтыган) болуусу ыктымал. Эгер, мис., мектепте окулбай турган, программадан тышкаркы окуу материалы өздөштүрүлүүгө тийиш болсо, же класска жаңы технология киргизилсе, бул жекече жаңычылдык деп мүнөздөлөт. Эгер бардык класстарга бирдей, же бир нече класстарга жарыш түрдө жаңыча программа киргизилсе, ал модулдук жаңычылдык деп аталат. Эгер, жаңычылдык бүткүл мектепти кайра курууга багытталса, же жаңычыл билим берүүчү мекеме уюштурулса, ал системалуу жаңычылдык деп аныкталат. Дагы эмне дейбиз ошоо

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,