Билим деңгээлди аныктоочу тесттер

Википедия дан

Билим деңгээлди аныктоочу тесттер - билим берүү системасында ХХ- кылымдын 60-жылдарында негизделген. Билимди аныктоого ылайыкталган тесттер сыналуучунун билим өзгөчөлүгүн аттестациялоого арналып, массалык сыноолорду уюштуруу максатында пайдаланылат (мисалы, мектептин бүтүрүү экзамендери, жогорку окуу жайына кабыл алуу экзамендери). Мындай тесттерди уюштурууда кээ бир ченемдер аныкталат. Маселен, сыноодо максималдуу 100 балл алуу керек болсо, сыналуучу үчүн ченем болуп, 70, же андан жогору баллга ээ болуу. Ченем эксперттердин чечими менен аныкталат. Негизги өзгөчөлүгү – сыналуучуларды деңгээлдери боюнча рангдарга бөлүү, рейтингин аныктоо. Тестирлөө жүргүзүлүп бүткөндөн кийин сыналуучулар нормативдик көрсөткүчтөрү боюнча жогорку, орто жана төмөнкү деңгээлдерге бөлүнөт. Ар бир сыналуучунун орду апробациянын жыйынтыгынан алынган ченемге карата салыштырылат. Ченемге ылайыкталган тесттер мектептерге, лицей-гимназияларга жана жогорку окуу жайларына кабыл алуу экзамендерин уюштурууда дагы колдонулат.

Аныктоого ылайыкталган тесттер жалпы массалык сыноолорду уюштурууда талдоонун бирден бир жол-жобосу деп дагы эсептелет. Мисалы, орто мектептерде билим берүүнүн стандартынын (ар бир окуучу милдеттүү түрдө ээ болуучу деңгээл) аткарылышы боюнча жалпы мамлекеттик деңгээлде сыноолорду уюштуруу. Мектептердин окуу процесси мамлекеттик стандартка жооп бере алабы, деңгээлдери кандай, кайсы мектептерде окуу деңгээли жогору, региондордо (область, райондор) билим берүүнүн абалы кандай жана башкалар бир канчалаган керектүү маалыматтарды алууга мүмкүндүк бере алат.

Критерийге ылайыкталган тесттер окутуунун коюлган максатка жеткендигин текшерүүгө багытталган. Ал үчүн текшерилүүчү билгичтиктер жана көндүмдөр (критерий) такталып, аларды толук камтый ала тургандай тесттик тапшырмалар түзүлөт. Тестирлөөнүн жыйынтыгы менен, сыналуучу канчалык деңгээлде алдыга жылгандыгы, ал эми өтүлгөн бөлүм боюнча өзүнүн жалпы билим деңгээли кандай, кетирген кемчиликтери кайсы, ушул сыяктуу маалыматтар алынат. Мугалимдин берген баасы окуучунун кийинки окуу аракеттерине жолдомо көрсөтө алат. Мындай тесттер окуу процессинде окуучунун билимин коррекциялоону шарттайт. Мындан тышкары, окуу жылынын аягына дейре окуучунун билиминин өсүшүнө дайыма байкоо жүргүзүү (мониторинг) мүмкүнчүлүгү бар.

Критерийге ылайыкталган тестирлөөнү жүзөгө ашырууда тесттин айрым бир тапшырмасын класстагы окуучулардын баардыгы аткара албаса же болбосо баардыгы туура аткарган болсо, жыйынтыгын талдоого келгенде мындай тапшырмалар натыйжалуу деп эсептелет. Себеби мында тапшырма камтыган билим-көндүмдөрдү окуучулардын анчалык өздөштүрө албагандыгы, же болбосо толук өздөштүргөндүгү тууралуу маалымат алынып, сыноонун жыйынтыгынын интерпретацияланышына чоң өбөлгө түзө алат. Ченем ылайыкталган тестирлөөдө бир тапшырманы жалпы окуучулардын 20% дан кеми же 80%дан жогорусу аткара алса тапшырма ылайыксыз түзүлгөн деп эсептелет. Анткени жыйынтыгында окуучуларды рангдарга бөлүү жагдайы бир топ кыйынчылыктарды алып келет. Ошондуктан көпчүлүк учурларда мындай тапшырмаларды алмаштыруу шарты келип чыгат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004