Билли Айдол

Википедия дан

Уильям Майкл Алберт Броуд (англ. William Michael Albert Broad; 1955-жылы 30-ноябрь) - Билли Айдол (англ. Billy Idol) сахналык аты менен таанымал болгон англиялык музыкант, ырчы, ыр жазуучу жана актер. Ал Generation X панк-рок тобунун мүчөсү катары биринчилерден болуп 1970-жылдары белгилүүлүккө жеткен. Кийинчирээк жеке чыгармачылык ишин баштаганы менен соң эл аралык белгилүүлүккө жетип "Second British Invasion" (кырг. "Британиянын экинчи басып кирүүсү") кыймылы учурдагы артисти болгон.

Айдол өзүнүн чыгармачылык ишин 1975-жылдын аягында Chelsea панк-рок тобунун курамында баштаган. Кандай болбосу, Айдол бир канча убакыттан соң топтон чыгып жолдошу Тони Жеймс менен бирге Generation X тобун негиздеп топтун башкы вокалисти болот. Улуу Британияда ийгиликке жеткен топ ажыроосунан мурун Chrysalis Records үндү жаздыруучу фирма белгиси аркылуу үч альбом жаздырган. 1981-жылы Айдол гитарчы Стив Стивенс менен бирге жеке чыгармачылык ишин уланттыруу максаты менен Нү-Йоркко көчкөн. Billy Idol (кырг. Билли Айдол; 1982) алгачкы студиялык альбому финансылык жактан ийгиликтүү болуп жана "Dancing with Myself" (кырг. "Өзүм менен бийлөө") жана "White Wedding" (кырг. "Ак үйлөнү тою") синглдеринин музыкалык видеолору менен Айдол жаңыдан пайда болгон MTV каналынын негизги жылдызы болгон.

Rebel Yell (кырг. "Козголоңчулардын өкүрүгү"; 1983) аталышындагы экинчи студиялык альбому "Rebel Yell" жана "Eyes Without a Face" (кырг. "Жүзү жок көздөр") синглдери менен ири финансылык ийгиликке жеткен альбому болуп саналат. RIAA альбомго АКШга эки миллиондон ашык альмом жиберилгени үчүн эки ак алтын тастыктамасын ыйгарган. Whiplash Smile (кырг. Камчынын кайышы сымал күлүмсүрөөсү; 1986), Charmed Life (кырг. Сыйкырдуу жашоо; 1990) жана Cyberpunk (кырг. Киберпанк; 1993) сыяктуу бир канча ийгиликтүү альбомдорду жаздырган. Айдол 1990-жылдын экинчи жарым жылдыгын жеке турмушуна кунт коюп жашырын өмүр сүргөн. Айдол Devil's Playground (кырг. Шайтандын оюн аянты; 2005) менен Kings & Queens of the Underground (кырг. Жашырын дүйнөнүн башкаруучулары; 2014) альмдорун жаздырып чыгармачылык ишине кайткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]