Биметализм

Википедия дан

Биметализм - (лат. bi эки жана металл) мыйзамдуу төлөм каражаты, эки металл алтын жана күмүш акча системасы. Бул металлдардан жасалган тыйындар бирдей негизде жүгүртүлөт. Орто кылымда Европада кеңири тараган. Күмүш арзандагандан кийин (19-кылымдын аягында) дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрү күмүш тыйынды эркин жасоону токтотушкан. Алтындын күмүшкө караганда акча материалы катары артыкчылыгы 19-кылымдын аягынан тартып алтын монометализмине өтүүгө шарт түздү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]