Биоветин

Википедия дан

Биоветин (Biovetinum) - хлор-кальцийлүү биомицин тузу. 1 г препаратта 25-30% биомицин (250-300 миң бирдик) бар.

Биоветин -кызгылт сары, жашыл сары же күрөң түстүү майда порошок. Сууда эрибейт. Ал организмге биомицин сыяктуу таасир тийгизип, малдын өсүшүн тездетет. Уук-ма диспепсия, ичеги-карын ооруларына, музоо паратифине, музоо менен торопойдун бронхопневмониясына каршы колдонулат.

Антибиотиктер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.