Биогеоценоз
Көрүнүш
Биогеоценоз | |
Бөлүгү | биосфера |
---|---|
Мамлекет | Советтик Социалисттик Республикалар Союзу |
Author | Vladimir Sukachev |
Studied in | Биогеоценология |
Курамы | Биоценоз, Абиотикалык факторлор |
Адаштырбаңыз | geobiocenosis |
Биогеоценоз - (био..., гео... жана гр. koinos жалпы) зат алмашуусу жана энергиялары өз ара байланышкан, бири-бирине ыңгайлуу шарт түзүүчү жандуу организмдердин (биоценоз) жана жансыз компоненттер жыйындысы. Аларга автротрофтуу (фотосинтездөөчү өсүмдүктөр, хемосинтездөөчү микроорганизмдер) жана гетеротрофтуу (жаныбарлар, козугарындар, бактериялар, вирустар) организмдер жана аларды курчап турган рельеф, тоотектер, гидрологиялык шарттар, газ жана жылуулук ресурстары менен атмосферанын жерге жакын катмары, күн энергиясы, жер кыртышы жана башкалар кирет. Биогеоценоз түшүнүгүн орус окумуштуусу В. Н. Сукачев киргизген (1940). Биогеоценоздун жаратылыштагы заттардын айланышында чоң мааниси бар.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Абдуашимов Мурат Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4