Биографиялык фильм

Википедия дан

Биографиялык фильм - эл аралык айтылган сөздө (Байопик) – колдонууга жаӊыдан кирип, бирок бат эле оозго алынып кеткен заманбап сөздөрдүн бири. Ал «биографиялык фильм» дегенди түшүндүрөт. Англис тилиндеги «biography» (биография) жана «picture» (сүрөт, картина) деген сөздөрдөн келип чыккан. Байопикте тарыхта болгон адамдын же азыркы учурда жашап жаткан адамдын өмүрүнүн урунттуу окуялары көрсөтүлөт. Кыргыз тасмаларынын арасынан, мисалы, «Курманжан датка» тасмасын байопик деп атоого болот. Байопиктер коомчулук тарабынан абдан жакшы кабыл алынат. Заманбап техниканын өнүгүшү, тарыхый окуялардын болушунча реалдуулукка жакын көрсөтүлө башташы байопиктердин популярдуулугун арттырууда.