Биологиялык булгануу

Википедия дан

Биологиялык булгануу - пайдаланылып жаткан экосистемага жана техникалык түзүлүштөргө жат өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын жана микроорганизмдердин табигый жол менен, ошондой эле адамдын иш-аракетинен жайылышы. Көпчүлүк учурда аймакка терс таасир этет. Бөлөк жерден келген организмдер жергиликтүү организмдерге караганда чөйрөгө бат байырлашып, жергиликтүү түрлөрдү четтете баштайт. Мисалы, америка ачкүсөнү европа ачкүсөнүн, ондатра калтарчычканды сүрүп чыгарган. Шаарларда таштандылар топтолгон жерлерде (убагында тазаланбай калуудан) кескин түрдө синантроптук организмдер (келемиш, карга, курт-кумурска) көбөйүп кетет. Чөйрөгө айрыкча ферменттерди иштеп чыгаруучу ишканалардын биологиялык таасири зор, анткени алардын таштандыларын тирүү клеткалуу микроорганизмдер түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]