Биологиялык циклдер

Википедия дан

Биологиялык циклдер - организмдердин биргелешип жашоосундагы (популяцияларда, биоценоздордо) биологиялык кубулуштардын ритмдүү кайталанышы.

Биологиялык циклдер бардык ритмдүү кайталануучу биологиялык кубулуштарды камтыган жалпы түшүнүккө - биологиялык ритмге кирет. Биологиялык циклдер суткалык, мезгилдик (жылдык) же көп жылдык болушу ыктымал. Суткалык Биологиялык циклдер сутка ичинде жаныбарлардын физиологиялык кубулуш, жүрүш-турушунун мыйзам ченеминин өзгөрүшүн мүнөздөйт. Жаныбарлардын гормондорунун жардамы менен жөнгө салынып турган зат алмашуунун өзгөрүүлөрү мезгилдик Биологиялык циклдердин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.