Биомexаника

Википедия дан

Биомexаника - (био... жана механика) биофизиканын тирүү ткань, орган же бүтүндөй организмдин механикалык касиетин жана алардагы механикалык кубулуштарды изилдөөчү бөлүмү. Биомеханика боюнча изилдөө иштери 20-кылымдын ортосунан кеңири жүргүзүлө баштаган. Демалуу, кан айлануу жана кыймыл аракеттин биомеханикалары болот. Биомеханикалык изилдөөлөрдө көбүнчө оптикалык ыкмалар колдонулат. Мындай изилдөөлөрдү италиялык илимпоз Леонардо да Винчи баштаган. Эмгек менен спорт физиологиясында, аскердик жана клиникалык медицинада, асыресе неврологияда, ортопедияда, травматологияда, протез жасоодо, өпкө менен жүрөктүн айрым ооруларын аныктоодо биомеханиканын ролу чоң.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]