Бионт

Википедия дан

Бионт (гр. bion – жашоого жөндөмдүү) - эволюциянын жүрүшүндө белгилүү бир чөйрөгө (биотопко) ыңгайланышып жашап жаткан организм.

Бионтко аэробионт, гидробионт ж. б. кирет. Бул аталыш белгилүү бир чөйрөдө жашаган организмдерди белгилеп көрсөтүү үчүн пайдаланылат. Мисалы, кургакта жана абада жашаган организмдер аэробионттор, сууда жашаган организмдер гидробионттор, топурактагылар недобионттор жана жаныбар жана өсүмдүк калдыгын ажыратуучулар сапробионттор деп аталат. Ал эми ар кандай чөйрөдө жашоого жөндөмдүү болгон организмдер эврибионтор, жашоого тар ыңгайлашкан организмдер стенобионтор деп аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4