Биопсия
Jump to navigation
Jump to search
Биопсия - (био... жана гр. opsis көрүнүш) диагноз коюу максатында микроскоп менен изилдөө үчүн тирүү организмдин кандайдыр бир тканынан же органынан кесип алуу. Биопсия оору процессинин мүнөзүн (сезгенүү же шишик экенин) аныктоо үчүн жүргүзүлөт. Айрыкча шишиктин коркунучтуу түрлөрүн (рак, саркома) тактоодо мааниси чоң.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4