Биостратиграфия

Википедия дан

Биостратиграфия - (био... жана стратиграфия) стратиграфиянын бир тармагы; чөйрөнүн өзгөрүшүнө жараша организмдин эволюция жол менен өнүгүшү. Ар кайсы жердеги окшош катмарлардын өз ара байланыштарын жана салыштырмалуу жаштарын аныктоодо чөкмө тоотектердеги организмдердин ташка айланган калдыктарынын таралышын изилдейт. Мында чөкмөтектердин арасында кездешүүчү организмдердин ташка айланган калдыктарына карап, ошол катмардын салыштырмалуу жашы аныкталат. Стратиграфиялык шкаласы түзүлөт. Анткени организмдердин өсүп-өнүгүшү, түрлөрүнүн өзгөрүшү чөйрөгө байланыштуу. Ошол себептен организмдердин ташка айланган калдыктарын жана алардын жер бетинде таралышын изилдеп, чөкмөтектердин пайда болуу мезгилин аныктоого болот. Катмарларды өз алдынча биозоналарга бөлүүдө, аябаган зор аянтты ээлеп, өтө көп тараган жана кыска мөөнөттүн ичинде толук өлүп жок болгон организмдердин, планктондордун, споралардын калдыктары зор мааниге ээ. Терминди биринчи жолу бельгиялык палеонтолог Долло киргизген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]