Биостук факторлор

Википедия дан

Биостук факторлор - организмге башка организмдердин тиричилик аракеттери аркылуу тийген таасирлердин жыйындысы.

Биостук факторлор чөйрөнүн абиостук факторлорунан тирүү организмдердин ар кандай түрлөрүнүн бири бирине өз ара таасир эткендиги менен айырмаланат. Мис, жаныбарлардын дем алуусуна зарыл болгон кычкылтекти өсүмдүктөр бөлүп чыгарса, фотосинтез процессине керек болгон көмүр кычкыл газы негизинен жаныбарлардын дем элуусунан бөлүнүп чыгат. Биостук факторлордун таасири түздөн-түз эле болбостон кыйыр түрдө да болот, бул бизди курчап турган жаратылышта болгон өзгөрүүлөрдөн байкалат (мис, бактериянын таасиринен топурактын составынын өзгөрүшү ж. б. ).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.