Биосфераны булгоо

Википедия дан

Биосфераны булгоо - адамзат коомунун биосферага тийгизген терс таасирлеринин жыйындысы. Алар биосферада зыяндуу заттардын өлчөмүн көбөйтүп, жашоо чөйрөсүнө залалдуу жаңы химиялык бирикмелерди пайда кылат. Натыйжада биосферада бир топ өзгөрүүлөр болот. Мисалы, температуранын кескин көтөрүлүшү, табигий радиоактивдүүлүктүн күчөөсү ж. б. Мындай кесепеттер өз кезегинде адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө кыйла зыяндуу таасирин тийгизип, адамзаттын жашоо мүмкүнчүлүгүн чектөөдө. Бүгүнкү күндө адамдын иш-аракети реалдуу түрдө булгоонун тигил же бул формасына алыпкелүүдө. Буга өнөр жайдын, энергетиканын, транспорттун чаржайыт өнүгүүсү, айыл чарбанын жана тиричиликтин химияланышы, калктын тез өсүшү, ошондой эле планетанын ургаалдуу урбанизациясы түрткү болууда. Мисалы, Жердин түпкүрүнөн жылына 300 млрд т тоотек казып алынып, млрд т чамасында шарттуу отун жагылат; атмосферага 20 млрд т С02, 300 млн т СО, 50 млн т NOx, 150 млн т SO2, 4-5 млн т H2S жана башка зыяндуу газдар, 400 млн т күл жана чаң кошулат; гидросферага 600 млрд т өнөр жай жана тиричилик таштандылары төгүлүп, 10 млн т нефть жана нефть бирикмелери ташталат. Биосферага жерден казылып алынган металлдардын 50%, химиялык сырьёнун 30% , жылуулук электр станцияларынын иштелип чыккан жылуулуктун 67% кошулууда. Мындан жылына биосферада мурда такыр кездешпеген жана зыяндуу касиеттеринен ажырабаган химиялык бирикмелер (ксенобиотиктер) пайда болот. Биосфераны булгоонун масштабы өтө зор болгондо метаболизмдин табигый процесстерин жана атмосфера менен гидросферанын суюлтуу мүмкүнчүлүгү планетанын айрым бөлүктөрүндө адам баласынын чарбалык зыяндуу таасирин жөнгө сала албай калат. Бул болсо биосферанын өзүн-өзү жөнгө салуу процессине тоскоол болуп, табият системаларынын бузулушу, токой менен айыл чарба аянттарынын кыскарышы жана түшүмдүүлүгүнүн төмөндөшү, экосистемалардын деградациясы, адамдын денсоолугунун начарлашы менен коштолууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]