Биосфера коругу

Википедия дан

Биосфера коругу - 1) адам баласы тарабынан өзгөрүүгө дуушар болгон, айланасындагы ландшафттын таасири дээрлик тийбеген, өтө коргоого алынган табигый аймак. Коруктун аймагында жаратылыш чөйрөсүнүн компонеттеринин табигый баланстык шартында кылымдар бою сукцессиялык (ордун басуучу) жана эволюциялык процесстер жүрүп турат; 2) табигый чөйрөдөгү антропогендик өзгөрүүлөргө аспаптардын жана биоиндикаторлордун жардамы менен байкоо жүргүзүлүүчү аймак; 3) коргоого алынган аймак. Жердин кандайдыр бир негизги биомдорунан турган эталондук участокторун камтыйт. Биосфера коругунун негизги максаты табигый экосистемалардын жана коргоого алынган аймактын генофондун сактоо, ошондой эле жаратылыш чөйрөсүнө мониторинг (көзөмөл) жүргүзүү. Биринчи биосфера коругу 1976-ж. түзүлүп, 1998-ж. 300дөн ашкан. Кыргызстанда Сары-Челек биосфера коругу 1979-ж. уюшулган.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]