Биотехния

Википедия дан

Биотехния - (био... жана гр. techne өнөр, чеберчилик) аңчылык кылынуучу жаныбарларды (негизинен сүт эмүүчүлөр жана куштар) табигый шартта көбөйтүү жана аларды рационалдуу пайдалануу жөнүндөгү илим. Биотехния иштеп чыгуучу негизги маселелер: аңчылык кылынуучу айбанат жана куштарды коргоо, багуу жана көбөйтүү; алардын жашоо шартын жакшыртуу; жапайы айбанаттарды аңчылык кылынуучу жайларга байыр алдыруу. Биотехния сырткы чөйрөнүн жана адамдын чарбалык ишинин жапайы айбанаттарга көрсөткөн таасирин изилдейт, жапайы жаныбарларды (багыш, чаарбугу, марал ж. б.) бакмалаштыруу ыкмасын, зыянкеч жаныбарларга (карышкыр, чөө, сүлөөсүн, момолой ж. б.) каршы күрөшүү чараларын иштеп чыгат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]