Биоценоздогу организмдер байланышы

Википедия дан

Биоценоздогу организмдер байланышы — биоценоздун калыптанышына жана анын туруктуулугуна ээ болгон тарыхый эволюциялык процесс. Ар бир түр белгилүү мейкиндикти азык, жашоо чөйрө катары пайдалануу үчүн түздөнтүз жана кыйыр түрдө катнашка кирип, биоценоздун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Биоценоздогу түрлөрдүн ортосундагы түз же кыйыр түрдөгү байланыштар, ээлеген экологиялык текчеси эске алынып, трофикалык, тоникалык, форезия байланыштары деп бөлүнөт. Трофикалык байланыш тирүү организмдердин түрлөрүнүн популяцияларынын ичиндеги бир организмдин экинчи бир организм (тирүү, өлүк же алардын иштеп чыккан продуктусу) менен азыктануусунун негизиндеги азыктык байланышы. Биоценоздогу организмдик-азыктык байланыштардын натыйжасында азык тизмеги жана азык торчолору пайда болот. Биоценоздогу азыктык байланыш же азыктык тизмек организмдерди бири бирине энергиялык жактан көзкаранды кылып, биоценоздун түзүлүшүнүн туруктуулугун камсыз кылууда чоң мааниге ээ, башкача айтканда азык торчосу канчалык жыш болсо, биоценоздун туруктуулугу ошончолук жогору болот. Ошондой эле биоценоздогу организмдер азык тизмегин жана торчосу боюнча сандык, сапаттык жактан белгилүү бир катышта болуп, бири бирине көз каранды келет. Тоникалык (мейкиндик) байланыш биоценоздогу организмдердин түздөн-түз же кыйыр байланышы. Кыйыр түрүндөгү мейкиндик байланышы организмдердин тиричилик аракетинин натыйжасында башка бир организмдердин жашоо чөйрөсүнүн физикалык, химиялык касиеттерин жана башка шарттарын өзгөртүүсү менен жүрөт, башкача айтканда мындай кубулуштарга бир түрдүн экинчи бир түр жашай турган субстраттарды жана башка чөйрөлөрдү түзүшү жана суунун, абанын агымын камсыз кылышы, температураны өзгөртүшү жана ар кандай чөйрөгө продуктуларды бөлүп чыгарышы кирет. Организмдердин трофикалык, тоникалык байланыштары биоценоздогу тирүү организмдердин сандык жана сапаттык жактан калыптануусуна жана алардын туруктуулукка ээ болуп нормалдуу жашоосунда да мааниси зор. Форезия байланышы бир организмдин экинчи бир организмди «унаа» катары пайдаланып, бир жерден экинчи жерге барышы. «Унаалык» кызматты көбүнчө жаныбарлар аткарат. Өсүмдүктөрдүн уругунун, спорасынын, чаңчасынын жаныбарлар аркылуу бир жерден экинчи жерге барышы зоохория, ал эми майда омурткасыз жаныбарлардын (кенелер ж. б.) өзүнөн чоң жаныбарлар аркылуу бир жерден экинчи жерге барышы форезия кубулушу деп аталат (форез «сыртында» деген мааниде). Жаныбарлардын форезиялык жол менен таралышы майда муунак буттуулардын арасында да кездешет. Форезиялык таралуу пассивдүү жол менен жүрөт. Анткени, бул жаныбарлар майда болгондуктан морфологиялык өзгөчөлүктөрү бир жерден экинчи жерге жылууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]