Биоэкология

Википедия дан

Биоэкология (био... жана экология) — экология илиминин бир тармагы. Анын негизги бөлүгү биологиялык жана табигый системалардын экологиясын, ошондой эле особдордун (өзүнчө жашоочу организмдер), түрлөрдүн (аутэкология), популяциялардын (популяциялык экология, демэкология), көпчүлүк түрлөрдүн тобунун (синэкология) экологиясын жа экологиялык системаларды (биогеоценология, экосистемалар жөнүндө окуу) жана башкаларды изилдейт. Биоэкологиянын башка бөлүгү системалык организмдердин топторун (бактериялар, козугарындар, өсүмдүктөр, жаныбарлар) жана майда системалык бирикмелерди (типтерди, класстарды, отряддарды) жана башкалар карайт. Биоэкологиянын түзүүчүсү эволюция экология.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]