Мазмунга өтүү

Биплан

Википедия дан

Биплан (лат. bis эки жана planum тегиздик) — кош канаттуу учак. Канаттары фюзеляждын (тулкунун) эки жагында биринин үстүнө бири жайгашып, катуу жана бекем, ойкуп кайкып учууга ылайыктуу болгондуктан, негизинен учкучтарды окуп-үйрөтүү процессинде, чалгындоодо (1930-жылдарга чейин), айыл чарба жумушунда (Ан-2 жана башка), авиация спортунда колдонулган. Кийин анын ордуна чоң ылдамдыкта учуучу моноплан пайда болгон.