Биргелешкен ишкана

Википедия дан

Биргелешкен ишкана - катышуучу өлкөлөрдүн менчиктеринин негизинде түзүлгөн жана өз ишмердигин биргелешип башкаруу, чарбалык эсеп жана пайданы катышуучулар ортосундагы келишимге ылайык бөлүштүрүү жолу менен жүзөгө ашыруучу ишкана. Биргелешкен ишкана атамекендик жана чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн капиталын салуунун негизинде түзүлөт жана чарба ишмердигин биргелешип жүргүзөт. Биргелешкен ишкана жаңы продукция өндүрүшүн, пайдалуу кенбайлыктарын өздөштүрүү жана башка максатта түзүлөт. Биргелешкен ишкана өлкөнүн экономикасына чет өлкөлүк капиталды тартууга, пайдаланылбай жаткан ресурстарды тез өздөштүрүүгө, керек продукцияны чыгарууну көбөйтүүгө жана анын натыйжалуулугун жогорулатууга, алдыңкы техниканы жана технологияны үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берет. Катталгандан кийин биргелешкен ишкана юридикалык жактын укугуна ээ болот. Биргелешкен ишкананы башкаруу үчүн башкарма, дирекция жана текшерүү комиссиясы түзүлөт. Биргелешкен ишкана уюштуруу документтеринде каралган учурда жана тартипте, ошондой эле анын ишмердиги максаттарына жана милдеттерине жооп бербесе жоюлушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]