Бирге окутуу

Википедия дан

Бирге окутуу – эркек балдарды жана кыздарды бир мектепте, бир класста кошуп окутуу. Мектеп алгач пайда болгон байыркы мамлекеттерде эркек балдар менен кыздар бөлүнүп окутулган.

Бирге окутуу негизинен орто кылымдарда киргизиле баштаган. Байыркы кылымдан, азыркы мезгилде деле дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө эркек балдар менен кыздарды бөлүп окутуу сакталып калган. Кыргызстанда 1918-ж. чейин Бирге окутуу дээрлик болгон эмес. Ошол кездеги РСФСР Эл агартуу комиссариатынын 1918-жылдын 3-майындагы «Милдеттүү түрдө бирге окутууну киргизүү» токтомуна ылайык Кыргызстандын бардык мектептеринде Бирге окутуу жүзөгө ашырыла баштаган.

1990-жылдан Кыргызстанда «Себат» билим берүү фирмасынын окуу жайлары ачылып, Кыргыз–түрк эркек балдар лицейлери, кыздар лицейлери иш жүргүзүп жатышат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,