Бирдиктердин МКГСС системасы

Википедия дан

Бирдиктердин МКГСС системасы (МКГСС системасы) – негизги бирдиктери метр, килограмм - күч - секунда болгон физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасы.

Ал 19-кылымдын акырынан баштап иш жүзүндө колдонула баштаган, СССРде 1933-жылдан баштап ОСТ ВКС 6052, ГОСТ 7664 – 55 жана ГОСТ 7664 – 61 «Механикалык бирдиктер» боюнча колдонулган. Күчтүн бирдигин негизги бирдик катары кабыл алуунун натыйжасында МКГСС системасынын бирдиктери болгон күчтүн, басымдын, механикалык чыңалуунун ж. б. бирдиктери механикада жана техникада тараган. Мис., күч жана салмак үчүн килограмм-күч, жумуш жана күчтүн моменти үчүн килограмм-күч-метр ж. б. Ошондуктан МКГСС көбүнчө техникалык система деп аталат. Бирок айрым бир бирдиктерди колдонуу кыйла ыңгайсыздыкты туудурат; мис., массанын техникалык бирдиги (М.т.б.) килограмм-күч-секунда квадрат бөлүнгөн метрге деп окулат жана кгк*сек2/м түрүндө жазылат, же тыгыздыктын бирдиги килограмм-күч-секунда квадрат бөлүнгөн төртүнчү даражадагы метрге деп окулат жана 1 кгк*сек2/м4 түрүндө жазылат. Массанын жана тыгыздыктын иш жүзүндө кеңири колдонулган башка бирдиктери пайдаланууга абдан ыңгайсыз: 1М.т.б. = 9,80665 кг, 1 кгк*сек2/м4 = 9,806 кг/м3. Бирдиктердин МКГСС системасы дагы көптөгөн кемчиликтерге ээ: механикалык (МКГСС) бирдиктер менен электрдик жана магниттик практикалык бирдиктердин ортосунда ыңгайлуу байланыш жок; килограмм-күчтү каалаган учурда калыбына келтире турган үлгү эталону жок; салмак катышкан туунду чоңдуктарды түзүүдө көп учурларда салмак масса менен алмаштырылат; эсептөө жүргүзүүдө кгк көбүнчө кг менен чаташтырылат ж. б. Ошондуктан 1960-ж. чен жана салмактын 11-Генералдык конференциясында МКГСС системасын колдонбоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул системанын ордуна эл аралык сунуш боюнча Эл аралык бирдиктер системасын (СИ) пайдалануу иш жүзүнө киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]