Бирдиктердин табигый системасы

Википедия дан

Бирдиктердин табигый системасы - негизги бирдиктер үчүн физикалык универсалдык турактуу чоңдуктар алынып түзүлгөн бирдиктер системасы.

М. Йланк сунуш кылган (1906) бирдиктердин бул системасында негизги бирдиктер үчүн гравитациялык турактуулук, вакуумдагы жарык ылдамдыгы, Больцман жана Планк турактуу сандары, Авогадро саны, электрондун заряды ж. б. алынган. Кадимки бирдиктер системасында негизги бирдиктердин өлчөмдөрү эркиң түрдө тандалып алынат да, ар кандай физикалык формулалардан коэффи-ңиенттердин маанилери аныкталат. Ал эми Бирдиктердин табигый системасында негизги бирдик үчүн универсалдык турактуу сан болуп эсептелген ушул коэффициент-тердин өздөрү7 алынып, алар аркылуу түрдүү физикалык чоңдуктардын бирдиктери аныкталат. Бирдиктердин бул системасы илим изилдөөдө колдонулат. Бирдиктердин табигый системасындагы туунду чоңдуктардын маанилери эң кичине же чоң сан болгондуктан, практикада колдонуу ыңгайсыз.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.