Бирдиктердин эл аралык системасы

Википедия дан

Бирдиктердин эл аралык системасы – физикалык чоңдуктардын бирдиктеринин бирдиктүү универсалдык системасы; ал чен жана салмак боюнча II-Генералдык конференцияда (1960-ж, Париж) кабыл алынган жана илимдин, техниканын, эл чарбасынын жана окуу жайларынын бардык тармактарында колдонууга сунуш кылынган.

Кыскача белгиси (Si) (Эл аралык система), орусча жазылышы “СИ”. “СИ системасы” деп айтуу туура эмес, анткени “С” белгисинин өзү эле “система” деген сөздүн кыскартылган түрү экенин түшүндүрөт.

Бирдиктердин эл аралык системасын түзүү зарылдыгы мамлекеттер аралык илимий жана экономикалык байланыш жүргүзүүдө, бирдиктердин көп түрдүү системаларын жана системадан тышкаркы көптөгөн бирдиктерди колдонууда пайда болгон кыйынчылыктардын натыйжасында келип чыккан. СССРде Эл аралык бирдиктер системасы 1963-жылдын 1-январынан баштап ГОСТ 9867–61 боюнча милдеттүү түрдө эмес, бирок артыкчылыкка ээ болгон система катары илимде, техникада, эл чарбасында жана окуунун жүрүшүндө колдонуу сунуш кылынган. СССРде 20 жылдан ашык СИни колдонууну жакшыртуу максатында бардык тармактар боюнча адабияттар басылып чыккан жана мамлекеттик стандарттарды СЭВдин мүчөлөрү менен бирге кайрадан иштеп чыгышкан. Натыйжада СССРде ГОСТ 8.417–81 (СТ СЭВ 1052–71) боюнча 1982-ж-дын 1-январынан баштап “СИ” ни милдеттүү түрдө колдонуу киргизилген. СИнин артыкчылыгы анын универсалдуулугунда, б. а. аны илимдин, техниканын жана эл чарбасынын бардык тармактарында колдонууга жарактуулугунда жана туунду бирдиктер ортосундагы байланыштын жөнөкөйлүгүндө. Ондук эселенген бирдиктердин жана үлүштүк бирдиктердин аттары атайы жалгамаларды негизги бирдиктин алдына кошо жазуу жолу менен ишке ашырылат. Мис., метрдин ондон бири негизги бирдик метрге “деци” жалгамасын кошо жазуу (окуу) жолу менен киргизилет : 1 дм =10-1 м. СИни түзүүдө электрдик жана магниттик бирдиктердин механикалык бирдиктер менен болгон байланышын ишке ашырыш үчүн физикалык мааниге ээ болбогон электрдик (ε0) жана магниттик (μ0) туруктуулуктар киргизилген. Натыйжада электр-магниттик кубулуштардын СИде жазылган теңдемелери татаалдашат жана айрым физикалык чоңдуктардын физикалык маанисин түшүнүү оордойт. Мис., вакуумда электр (же магнит) талаасынын чыңалышы индукция векторунан айырмаланат. Бирдиктеринин СГС системасында мындай карама-каршылык болбойт. Бул кемчиликке карабастан СИ дагы көптөгөн артыкчылыктарга ээ. Механикалык, электрдик жана магниттик системаларда энергия (жумуш) бирдиктүү туюнтмага (Жоуль-Ньютон, метр-вольт, кулон-ампер-вебер) ээ экендигин белгилөө зарыл. Дагы көптөгөн чоңдуктар эбактан бери эле инженердик иш жүзүндө кеңири колдонулган жана аспаптардын шкалаларында жазылып турган бирдиктер менен өлчөнөт. Ошондуктан эсептөө жүргүзүүдө бирдиктерди алдын ала өзгөртүп түзүүнүн зарылдыгы жок. Бирдиктердин эл аралык системасынын жогоруда айтылган артыкчылыктары, о. эле колдонууга ыңгайлуу өзгөчөлүктөрү анын кыска мөөнөттө кеңири таралышына алып келди. Натыйжада эл аралык мүнөзгө ээ болуп, өнөржай кооперацияларында, соодада, илимий маалымат алмашууда ж. б. кеңири колдонулууда. Таблицада Бирдиктердин эл аралык системасынын негизги, кошумча жана айрым туунду бирдиктеринин аттары жана алардын эл аралык жана орусча белгилери келтирилген. Жети негизги бирдик киргизилген, анын биринчи үчөө (метр, килограмм, секунда) механикалык туунду бирдиктерди түзүүдө, ал эми калгандары физиканын тиешелүү кубулуштарын өздөштүрүүдө колдонулат: ампер-электрдик жана магниттик чоңдуктар үчүн, кельвин–жылуулукту, кандела–жарыкты, моль–молекулалык физикада жана химиялык чоңдуктарды өлчөө үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]