Бирдиктүүлүк

Википедия дан

Бирдиктүүлүк (орус. единое) –

  1. Туташ, бөлүктөргө бөлүнбөс, үзгүлтүксүз;
  2. Пармениддик болмуш, теңирчилик башталма, үйрөнүлүп бүткүс абсолют.

Бирдиктүүлүктө «биримдүүлүк» түшүнү-гүнө карама-каршы ар башкалык, бөлүктөр, көп түрдүүлүк каралбайт. Аристотель Бирдиктүүлүктү көп түрдүүлүктүн акциденциясы жана өз алдынча Бирдиктүүлүк (б. а. үзгүлтүксүздүк, субстрат) деп ажыраткан. Платон боюнча көп нерсе – Бирдиктүүлүктүн эманациясынын жыйындысы; ар кандай көптүк туунду болуп эсептелет да, көрүнбөгөн жол менен кайра Бирдиктүүлүккө кайрылат. Неоплатончулар Бирдиктүүлүктү нукура жөнөкөйлүктүн, кол жеткистиктин символу, ар кандай биригүүнүн алгачкы себеби катары жарыялашкан.

Бирдиктүүлүк – жогорку принцип, ал бардык нерсенин башатында турат жана бардык нерседе көрүнбөстөн катышат. Спиноза Бирдиктүүлүктү жөнөкөй, түбөлүктүү, чексиз, ички субстанция катары түшүнүп, бирок ошону менен катар жекеликке жана көптүккө чексиз ажыроодоо да (дифференциация) болот деп эсептеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]