Бириккен сөздөр

Википедия дан

Бириккен сөздөр - компоненттери тыбыштык жактан өзгөрүүгө учурап, өз ара ширелишип биригип, бир бүтүн сөзгө айланган, бир маани берип, бир басым менен айтылуучу татаал сөздөр. Бириккен сөздөрдө тутумундагы эки сөздүн ичиндеги бир тыбыш башка бир тыбышка өтүп кетет же бир же бир нече тыбыш, кээде муун да сыйлыгышып түшүп калат: быйыл (бу+жыл), кайнене (кайын+эне), аржак (ары+жак), ушер (ушул+жер). Кээ бир бириккен сөздөрдүн бир компоненти азыркы учурда маанисин жоготкон же мааниси күңүрттөнүп калган: карагат, кызылгат (алтай тилинде: кат жемиш), алпкараку

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]