Биринчи казат

Википедия дан

«Биринчи казат» — «Манас» сериялары» деген наам менен басмадан жарык көргөн китепче (Фр., 1944). Басмага даярдаган жооптуу редактор К. Рахматуллин. Азыркы ариб менен Сагымбай Орозбак уулунун варианты боюнча басылган. Китепте камтылган окуялар Манас баатырдын сырткы баскынчы душмандарга каршы жүргүзгөн адилет күрөшүн чагылдырат. Эпосто баяндалган Манастын бардык «майда казаттары» кыргыздарды чапмак болгон тышкы баскынчыларга каршы күрөштүн түрдүү этаптарын баяндап, Бээжинге жасалган «Чоң казаттын» себептерин даярдайт. Манастын Кашкарга жасаган казатынын максаты да ал жерлерди душмандардан бошотуу үчүн жүргүзгөндүгү айкын. Ошого жараша китептин аталышы да «Биринчи казат». «Б. к.» эң алды менен коркунучтуу душманга каршы туруу, эл башына келер азаптын алдын алуу максатын көздөйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4