Мазмунга өтүү

Биринчи мугалим (кинотасма)

Википедия — ачык энциклопедия

Биринчи мугалим Internet Movie Database корунун желеконушунда

Биринчи мугалим (кинотасма)
Кинотасмадан бир кадр.
РежиссеруА. Михалков-Кончаловский
СценарийиЧ. Айтматов, Б. Добродеев
ОператоруГ. Рерберг
ТартылгандарБ. Бейшеналиев (Дүйшөн), Н. Аринбасарова (Алтынай), С. Жумадылов (Кайымбай), Д. Күйүкова (Алтынайдын), Б. Кыдыкеева (Кара катын), К. Юсупжанова (Бурма), И. Ногойбаев, М. Кыштобаев, К. Жаркынбаев
МузыкасыВ. Овчинников
ДиректоруМ. Воловик, И. Абдыкулов
РедакторуН. Рудакова
Чыккан жылы1965
Узактыгы102 мүнөт
ӨлкөсүКыргыз ССР
Тилиорус

Тасманын баяндамасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыңгыз Айтматовдун Биринчи мугалим чыгармасы боюнча тартылган.

1923 жыл. Орто Азияда жарандык согуш токтогон менен басмачылар али толук жоюла элек учур. Комсомолдун тапшырмасы боюнча кызыл аскер Дүйшөн элет жерине мектеп ачканы келет. Жергиликтүү калк анын умтулган талабына көңүл кош мамиле кылат. Көптөгөн тоскоолдуктарга карабастан окуучулардын жаркын келечегине ишенген Дүйшөн чечкиндүү кадамдарга барып, көздөгөн максатына тынбастан барат.

  • 1966 ж. Венециядагы эл аралык кинофестивалынын «Волпи» кубогун, аял оюнун мыкты жаратканы үчүн Наталья Аринбасарова жеңип алган.
  • 1966 Киев ш. өткөн Бүткүл союздук II кинофестивалында"Советский экран" журналынын атайын сыйлыгынын жеңүүчүсү. Тасма сынактан тышкары катышкан.
  • 1966 ж. Рим ш. өткөн II Эл аралык кинофестивалда "Капитолий Юпитер" сыйылыгын алган.
  • 1966 ж. Социалдык маселелерди изилдөө боюнча улуттук институтунун сыйлыгы
  • 1967 ж. Йерде өткөн жаш кинематографисттердин эр аралык кинфестивалынын калыстарынын атайын сыйлыгы.