Биринчи сигналдык система

Википедия дан

Биринчи сигналдык система - сырткы жана ички чөйрөдөн чыгуучу белгилүү дүүлүктүргүчтөрдүн рецепторлорго тийгизген таасиринен адамдын жана жаныбарлардын мээсинин кыртышында пайда болуучу шарттуу рефлектордук байланыштардын системасы.

Бул система жана анын өзгөчөлүктөрү жөнүндөгү түшүнүктү И. П. Павлов далилдеген (1932). Мээнин кыртышындагы так чындык сигналдарынын анализ жана синтези организмдин айлана-чөйрөгө багыт алышын жана жашоо тиричиликтин өзгөрүп туруучу шартына ыңгайланышын камсыз кылат. И. П. Павлов бул система жөнүндө организмдин көрүү, угуу ж. б. рецепторлорунан келген сигналдардын таасири аркылуу мээнин чоң жарым шарларынын атайын клеткаларында пайда болгон дүүлүгүү жана анын издери - бул өзүбүздөгү айлана-чөйрөдөн калган эстөө, сезим жана элес айбанаттар менен бизге жалпысынан бирдей деп көрсөткөн. Ошентип, адам менен айбандарга таандык так сигналдардын организмге тийгизген таасиринен пайда болгон шарттуу рефлекстер мээнин ишинин Биринчи сигналдык системасын түзөт, к. Шарттуу рефлекс.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.