Биром (эл)

Википедия дан

Биро́м (буром, бурумава, кибо, кибьен, киббун, акуут, нисине, шошо; өз аты: "бером") — Нигериядагы эл. Джосс дарыясынын батышында жана түштүк-батышында, Кадуна жана Плато штаттарында жашайт.
Биром эли аборо (абаро), бахо, кибо жана аяшин (айешим, яши) субэтникалык топтордон турат.
Биром элдин арасында жашаган рон, афусаре (тоолуу джерава), атака ж.б. майда уруулар, алар (биром) тарабынан активдүү ассимиляциялууда.

Жалпы саны 220 миң адам.

Тил

Биром тили бенуэ-конго уясынын курамына кирет. Биром тилинин диалектилери: ду, ферен, форон, рим, вом, гасис (гашиш), роб.
Андан тышкары хауса тили кеңири таралган.

Дин

Көпчүлүк мусулмандар (сүннөттөр). Калгандары жергиликтүү салттуу ишенимдерди (ата-бабалар культу) карманышат.

Чарбалык иштер

Малчылык жана кол менен иштетилген терассалык жер чарба (таруу, жер жаңгак) менен алектенишет.

Кол өнөрчүлүк

Темир устачылык, токуучулук, карапачылык өнөрлөрү кеңири таралган.

Коом

Коомдук түзүлүштүн негизин чоң үй-бүлөлүү жамааттар жана патрилинейлик кландар түзөт. Нике патрилокалдык. Айылдык жамааттарды дин башчылар (да-гвом) жетектейт. Бүбү-бакшылар абдан таасирдүү. Калктуу конуштардын көлөмү ар кандай. Ар бир чарба 5-6 алачыктан турат. Ата-бабалар культуна байланыштуу атайын имарат да бар.

Кийим

Эркектер кенен көйнөктөрдү жана шымдарды кийишет. Аялдар үчүн кездемеден бир нече тилке тигилип, жамбашка оролуп, балтырга чейин жетет.
Алар салттуу хауса кийимдерин кийишет.

Тамак-аш

Өсүмдүк тамак (ботколор, сорполор) жана сүт азыктары.

Маданият

Магия жана бакшылык практикаланат.
Фольклордон жомоктор жана космогониялык уламыштар эң популярдуу.

Тарых

Уламыш боюнча, биром элинин ата-бабалары азыркы мекенине түштүктө жайгашкан чытырман токойлордон көчүп келишкен.


Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]