Бир артисттин театры

Википедия дан

Бир артисттин театры – көркөм өнөр жанры.''Манас'' эпосун же башка кичи эпосторду аткаруу сөзсүз түрдө театр өнөрүнө тийиштүү эки компонентти талап этет: аткаруучуну жана көрүүчү-угуучуну. «Манас» оозеки чыгарма болгондуктан бул эки компонентсиз эпостун аткарылышын элестетүү мүмкүн эмес. «Манастын» окуясынын өнүгүшүн, кейипкерлеринин образдарынын түзүлүшүн, монологдорун жана диалогдорун бир гана аткаруучу-манасчы көргөзөт. Ошондуктан, манасчыда акындык касиеттен тышкары сөзсүз түрдө аткаруучулук (лицедейство) дарамет болушу зарыл. Ушул жагдайлардан алганда манасчылык өнөр «бир артисттин театры» деген аныктамага толук жооп берет. Манасчынын театры В. Н. Яхонтов, С. А. Кочаряндын театрлары менен дээрлик үн алышып турат. Манасчылык өнөр кадимки европалык типтеги театрга окшобосо дагы анын негизги принцибин сактаган өнөр: эпос аткаруучу (артист) менен көрүүчү-угуучунун бир-бирине таасир эткен жандуу процессинде гана жаралып, аткарылат, к. [[Манасчы] , Семетейчи,Айтуучу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4