Бир жана эки жактуу беттер
Бир жана эки жактуу беттер - мейкиндикте жайгашуусу боюнча айырмаланган беттердин эки түрү. Мисалы, цилиндр эки жактуу бетке, ал эми Мёбиус барагы, Клейн бети бир жактуу бетке кирет. Бул беттердин мүнөздүү айырмачылыктары бар. Мисалы, цилиндрдин чеги эки ийри сызык, ал эми Мёбиус барагынын чеги бир ийри сызык. Туюк беттерден тор эки, Клейн бети бир жактуу бет болуп эсептелет.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4