Бир жылдык өсүмдүктөр

Википедия дан
Borago officinalis.

Бир жылдык өсүмдүктөр - бир жыл ичинде же вегетация мезгилинде тиричилик циклин бүтүрүүчү чөп өсүмдүктөрү. Ысык жана кургакчыл райондордо кеңири таралган. Арктика жана бийик тоодо алар өөрчүү циклин бүтүрүүгө үлгүрбөйт. Ошондуктан аталган аймакта бир жылдык өсүмдүктөр жок болуп, көп жылдык өсүмдүктөргө айланган. Тез өсүүчү бир жылдык өсүмдуктөргө эфемерлер кирет. Вегетация мезгили узак өсүмдүктөргө көпчүлүк дан өсүмдүктөрү, субтропик жана тропик аймактардан алынып келген маданий жана кооздук өсүмдүктөр жана айдалма өсүмдүктөрдүн отоо чөптөрү кирет. Алар жаздык жана күздүк болуп бөлүнөт. Жаздык өсүмдүктөр жазында уруктан өнүп, кыска мөөнөттө урук берет. Күздүгү күзүндө эгилип (күздүк дан өсүмдүктөрү), өнүп, кыштап, кийинки жайда гана өөрчүү цикли бүтөт. Күздүк өсүмдүк жазында эгилсе, кадимкидей өнүп өсөт, жалбырак алат, бирок урук байлабайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]