Бир тектүү эмес чөйрөнүн оптикасы

Википедия дан

Бир тектүү эмес чөйрөнүн оптикасы - сындыруу көрсөткүчү (n) турактуу эмес, координаталарга көзкаранды, оптикалык бир тектүү эмес чөйрөлөрдө оптикалык нурлардын таралышы учурунда пайда болгон кубулуштарды үйрөтүүчү физикалык оптиканын бөлүмү.

Физикалык жаратылышына карабастан бир тектүү эместиктер жарык нурларынын багытын дайыма өзгөртөт. Ар түрдүү n бар чөйрөлөрдүн чегара бетинде жарыктын чагылышы жана сынышы болот. Айлана-чөйрөсүнө караганда n башка микробиртектүү эместиктерден жарык чачылат. Бир тектүү эмес чөйрөнүн оптикасында чачыраган, чагылган, сынган жана түшүүчү толкундардын эсебинен пайда болуучу жарыктын интерференциясы чоң ролду ойнойт. Киргил суулар Бир тектүү эмес чөйрөнүн оптикасын пайда кылат. Аларда оптикалык бир тектүү эместиктин өлчөмдөрү жарыктын толкун узундугунан чоңураак болот. Эгерде бөлүкчөлөрдүн өлчөмдөрү λга жакын болсо, анда чөйрө тунук көрүнөт. Эгерде түшүүчү жарыкка 90° боюнча карасак, чөйрө жарыктанып көрүнөт. Жарыктын интенсивдүү чагылышы менен Тиндалдын эффектиси тыгыз байланышкан. Диэлектриктердин бөлүкчөлөрү менен чачыроочу жарыктын интенсивдүүлүгү I~λ-p пропорциялаш, мында p параметри бөлүкчөлөрдүн өлчөмдөрүнүн λга болгон катышына көзкаранды. Өлчөмдөрү га караганда өтө кичине болгон бөлүкчөлөрдүн жылуулук флуктуациясы мезгилинде 1~λ-4 (Рэлей закону). Бөлүкчөлөрдүн өлчөмдөрү λга караганда өтө чоң болгондо p=0 жана I интенсивдүүлүгү λга көзкаранды болбойт. Мис., туман жана булуттарда жарык чачыраганда алар ак түстө көрүнөт. Бир тектүү эмес чөйрөнүн оптикасы ультрамикроскоп жана нефелометрия ыкмаларында, жука катмарлардын оптикасында колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]